Тажикстан менен болгон кагылышууда 3 кыргыз аскери каза болду

Бишкек, 30.04.2021 Sokol.media

 Тажикстан менен Кыргызстандын ортосунда  болгон кагылышууда каза болгондордун үчөө аскер кызматкери. Бул маалыматты Мамлекеттик чек ара кызматынан тастыкташты.

«Акыркы маалыматтарга ылайык, чек ара кыгылышында 20 аскер кызматкерлери жаракат алса, тилекке каршы, 3 аскер кызматкери каза болду. Жаракат алгандардын ичинен экөөнүн абалы оор«, — деп билдиришти чек ара кызматынан.

Эске салсак, Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек арасындагы абал 29-апрель күнү таңга маал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Коңшу Тажикстан менен болгон кагылышууда кыргыз тараптан жаракат алган адамдардын саны 134кө жетсе, 13 адам каза болду.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.