Садыр Жапаров саат сайын Баткенден кабар алууда.

Президент Садыр Жапаров ар бир саат сайын Баткен областындагы кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат алууда.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Галина Байтерек АКИпресс агенттигине билдирди:
«Өлкө башчысы азыр жумуш ордунда — Өкмөт үйүндө.. Бүгүн болуп жаткан Баткендеги окуя элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн чоң сыноо. Президентибиз ар бир кыргыз жараны сыяктуу эле мамлекетибизге, ар бир кыргыз жаранына, өзгөчө жаракат алгандар үчүн кабатыр алып жаткандыгын»- айтты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.