Министр Бейшеналиев жабыркагандарга практикалык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна учуп кетти

Бишкек, 30.04.2021 Sokol.media

Бүгүн, 30-апрелде КР Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев жабыркагандарга практикалык жардам көрсөтүү үчүн Баткен облусуна учуп кетти. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Министр менен биргеликте эки хирург, нейрохирург, нейротравматолог, кан тамыр хирургу, хирургу, эки анестезиолог-реаниматолог жана травматолог учуп кетишти. Топ улуттук госпиталдын жана Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун адистеринен түзүлгөн. Алар Исфанага бет алышты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.