Чек арадагы окуя. Лейлек районунда Интернационал айылынын башчысы уурдалды

Бишкек, 30.04.2021 Sokol.media

Бүгүн, 30-апрелде Баткен облусунун Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылында май куюучу жай жана дүкөндөр күйүп жатат. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.

Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаевди бүгүн эртең менен Баткен облусунун Лейлек районунан уурдап кетишти. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар 24.kg маалымат агенттигине билдирди.
Алардын айтымында, Интернационал айылынын тургундары кечээ кечинде үйлөрүн толугу менен таштап кетишкен.
«Белгилүү болгондой, эки үйдү тажиктер басып алып, бир-эки үй өрттөлгөн. Эки киши өлтүрүлдү. Бүгүн эртең менен айылдын башчысы каза болгондордун сөөктөрүн алып кетүү үчүн барган, ошол учурда ал туткунга алынып, Тажикстандын аймагына жеткирилген », — деп билдиришти жергиликтүү тургундар.
Маалыматты Баткен ОИИБинен тастыкташты.

Чек арадагы дагы бир окуя 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы Головной суу бөлүштүрүүчү пунктунун аймагында башталды. Оозеки уруш мушташка айланып, тараптар бири-бирине таш ыргыта башташкан. Андан кийин атышуу башталган.
Кыргызстанда 134 жабырлануучу медициналык жардамга кайрылып, 13 адам каза болду, анын ичинде жаш бала бар.

29-апрелде кечинде Кыргызстан менен Тажикстан ок атышууну токтотуу жана аскер күчтөрүн мурдагы жайгаштырылган жерлерине алып кетүү боюнча макулдашышты.
Белгилей кетүүчү нерсе, Головной суу бөлүштүргүч ишканасы Кыргызстандын аймагындагы Төрткүл суу сактагычын толтурган каналдардын башатында жайгашкан.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.