Чек ара чырынан кыргыз тараптан үч жаран каза болду, алардын катарында 12 жашар кыз дагы бар

Кыргыз тажик чек арасындагы болгон кагылышуудан улам кыргыз тараптан үч адам курман болду.
Алардын катарында 12 жаштагы өспүрүм кыз дагы бар
Бул тууралуу Акипресс агенттигине саламаттык сактоо министрлигинин орун басары Жалалидин Рахматуллаев билдирди.
Анын айтымында эки адам Баткен областык ооруканасынан жан берген, ал эми 2008 жылкы өспүрүм кыздын өлүмү Лейлекте катталган.
Жалпысынан ооруканага 51 адам алынып келинип медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Бишкек жана Ош шаарынан кошумча мед кызматкерлери келип, атайы кошумча койкалар дагы даярдалууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.