БУУ Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалга көз салып жатканын билдирди

Бишкек, 30.04.2021 Sokol.media

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы кырдаалды тынчсыздануу менен байкап жатат. Бул тууралуу БУУнун баш катчысынын расмий өкүлүнүн орун басары Фархан Хак брифингде билдирди, деп жазат «Известия» сайты.
БУУ эскалация зонасында ок атууну токтотууну кубаттай турганы белгиледи.
«Биз буга тынчсыздануу менен көз салып жатабыз, биз бул билдирүүлөрдү көрдүк. Ошондой Тажикстан менен Кыргызстан ок атышпоо келишимине келишкенин жарыялаганын билебиз. Эгер бул чын болсо, биз аны кубаттайбыз», — деди ал брифингде.

Фархан Хак кошумчалагандай, БУУ эки тарапты тең сүйлөшүүгө жана келишпестиктерди тынчтык жолу менен чечүүгө чакырат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.