Баткен ОИИБи: Барымтага алып кеткен факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды

Бишкек, 30.04.2021 Sokol.media

 Барымтага алып кеткен факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы билдирди. 
Лейлек районунун Интернационал айылынын кыргыз жарандарына тиешелүү болгон “Жилой дом” участкасына жакын аймакта кыргыз жарандарынын экөөсү каза болгондугун тактоо максатында, Интернационал айылынын башчысы барган учурда, тажик жарандары аны барымтага алып алышкан.
Бул факт Лейлек РИИБнин КЖБРне Кыргыз республикасынын Жазык кодексинин 380-беренеси (Тынчтыкка каршы кылмыштар) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.