Жалал-Абадда 3 айда 50дөн ашуун ишканалар ачылды

Бишкек, 29.04.2021 Sokol.media

Жалал-Абад облусунда 2021-жылдын 3 айында жалпысынан 52 жаңы ишкана ачылган. Мындай маалымат биринчи кварталдын жыйынтыгы чыгарылган коллегияда айтылды.
Жыйында өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ажымамат Исаевдин жасаган баяндамасында ишке кирген ашканалар эсебинен жалпы 300 жаңы жумуш орун түзүлгөн.
«Өнөр жай тармагында 13, айыл чарбада 9, соода-сатыкта 14, кызмат көрсөтүүдө 15 объект ишке кирген. Район-шаарларда ачылган жайларда 5тен кем эмес жумушчу орундар түзүлсө, Майлуу-Сууда эң аз жумушчу көрсөткүчүн берген. Тогуз-Торо району менен Таш-Көмүр шаарында жаңы ишкана ачылган эмес», — деди А.Исаев.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.