«Ооруканага жетпей кайттым». Ташиев ооруканага жетпей, өлкөгө кайтып келе жатат

Бишкек, 29.04.2021 Sokol.media

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ооруканага жетпей, өлкөгө кайтып келе жатат. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

«Урматтуу Кыргыз элим! Мен кечээ 28-апрель күнү эртең менен ден соолугумду каратуу үчүн Германияга учуп кеткен элем. Бирок бүгүнкү Баткендеги окуяларга байланыштуу кайрадан артка учтум.

Ооруканага жетпей кайттым, түнү менен жетип барам.Баарыңыздарга сабырдуулук тилейм, мекендин чеги өмүрдөн да кымбат, ынтымакта барын жеңебиз», — деп жазылат билдирүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.