Өкмөт башчы Марипов учурда чет өлкөдө жүргөнү айтылды

Бишкек, 29.04.2021 Sokol.media

Өкмөт башчы Улукбек Марипов учурда Орусиянын Казань шаарында. Бул тууралуу SUPER.KG порталы жеринде жүргөн журналист Тынчтык Алтымышевге байланышканында тастыктаган.

«Марипов делегация менен ЕАЭБдин жыйынына кече кечинде Татарстандын Казань шаарына келишкен. Эртең кетишет», — деп билдирди ал.
Эске салсак, бүгүн, 29-апрелде өкмөт үйүнүн алдында Баткендеги чек ара чырына байланыштуу митинг өтүп жатат. Митингдин катышуучулары өкмөт башчы Улукбек Мариповдун Төрт-Күл боюнча айтканына түшүндүрмө берүүсүн талап кылышууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.