Камила Талиева: «Чек ара маселесин саясатташтырбагыла»

Камила Талиева, экс-вице-премьер-министр:
“Чек ара маселесин саясатташтырып, жеке кызыкчылыгы үчүн курал катары колдонуп, бийликке “оппозиция” болом дегендер болсо, терең жаңылышат”
-Мамлекет аралык мамиледе, чек ара маселесинде бир аз этият болуп, аярлуу тема катары карманып турбасак болбос. Ар кимибиз эле чыга калып, “серепчи” боло бергендин да чеги болгону дурустур…
Ич ара саясий интригаларда Чек ара маселесин саясатташтырып, жеке кызыкчылыгы үчүн курал катары колдонуп, бийликке “оппозиция” болом дегендер болсо, терең жаңылышат.
От менен ойношоордон мурда, эң оболу мамлекеттин, элдин тагдырын биринчи орунга коюп, терең ойлонуу менен иш тутушпаса, бийлик талаш “оюнунан” от чыгып кетээрин унутушпаса деген тилек….Элге азыр бир гана нерсе өтө маанилүү, ал мамлекеттин бүтүндүгү, ынтымагы, саясий жактан стабилдүүлүк аба менен суудай керек болуп турат…. Башкасы экинчи пландагы маселе. Азыр элибиз аман, жерибиз бүтүн болсун! Ошол нерсе баарынан маанилүү.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.