Чек арадагы атышууда жараат алгандардын саны 46га жетти

Кыргыз-тажик чек арасында саат 22:30га карата жабыркагандардын саны 46 адамга жетти, анын ичинен бир жаран каза болду. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, жараат алгандардын бири үйгө дарыланууга чыгарылган. Учурда 44 жабырлануучу октон алган ар кандай жараат менен Баткендеги ооруканаларда жатат.
Буга чейин Кыргызстан менен Тажикстандын тышкы иштер министрлери 29-апрель, кечки саат 20:00дө эки тарап тең ок атышууну токтотуп, чек арадагы аскер күчтөрүн мурдагы жайларына кайтарууну макулдашканы айтылган.

Булак: Т-медиа

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.