Чек ара: УКМКнын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары жерине барды

Бишкек, 29.04.2021 Sokol.media

Ушул жылдын 29-апрелинде саат 14.00дө Тажикстан Республикасынын чек ара аскерлери жана Ички иштер министрлигинин атайын багыттагы аскерлери, Баткен облусунун Баткен районундагы Көк-Таш айылында жайгашкан «Головной» суу тосмо жайында миномет, пулемёт жана автоматтар менен массалык аткылоону башташты.
Кырдаалды координациялап, тажик чек арачылары тарабынан козголгон куралдуу чыр-чатакты локалдаштыруу боюнча КР УКМКнын чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары — Шаршеев Уларбек Зарлыкович окуя болгон жерде чараларды көрүп жатат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.