Ысык-Атада 18 жаштагы бала бычак саюуга шектелип кармалды

Бишкек, 28.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

Ысык-Ата районунда бирөөгө бычак саюуга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун ИИББдүн маалымат кызматы билдирди. 
Маалыматка караганда, 2021-жылдын 27-апрель күнү болжол менен саат 04:21 чамаларында Ысык-Ата РИИБдүн нөөмөт бөлүгүнө телефон чалуу болуп, аймактык ооруканага бычактан алган жаракатынан улам эркек киши жаткырылганы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Аталган маалыматтын негизинде Ысык-Ата РИИБдүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке дароо чыгышкан. Териштирүү учурунда ооруканага түшкөн жарандын өздүгү такталып, ал 1998-жылы туулган Ш.Н. аттуу жогорку окуу жайлардын биринде окуган чет өлкөлөрдүн биринин жараны экендиги аныкталган.
Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 138-беренси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндурүш иштери башталган.
Чүй облусунун ИИББдүн жана Ысык-Ата РИИБдүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, 2003-жылы туулган жергиликтүү Ч.М. аттуу жашоочу кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
Алдын ала териштирүү боюнча, жогорудагы окуя кызганычтан келип чыкканы белгилүү болгон.
Учурда зарыл болгон экспертизалар дайындалган. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.