Сыймык Жапыкеев прокурорлук кызматынан кетти

Бишкек, 28.04.2021 Sokol.media

Каржы полициясынын генерал-майору Сыймык Жапыкеев прокуратура органдарынан отставкага кетти. Бул тууралуу ал Kaktus.media сайтына өзү билдирди.

Анын айтымында, бүгүн, 28-апрелде ал Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан өз каалоосу менен кетүү тууралуу арыз жазган.

«Мага эч ким кысым көрсөткөн жок. Мен өзүм ден соолугума байланыштуу прокуратурадан кетип жатам, тагыраак айтканда, ден-соолугума көбүрөөк убакыт бөлөм», — деди Жапыкеев.

Ал оппозицияга барууну көздөбөйт, анткени ал саясатчы эмес экендигин баса белгиледи.

Эскерте кетсек, Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын 17-октябрында ЭККМКнын төрагасы болуп дайындалган, 2021-жылы 5-мартта өкмөт начар иштегендигине байланыштуу ЭККМКны жоюу чечимин кабыл алган. Ошол эле учурда Жапыкеевге Каржы полициясынын генерал-майору кызматы берилген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.