Чек ара кызматы: «Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары тажикстандык окуучуларды сабаган деген маалымат жалган»

Бишкек, 28.04.2021 Sokol.media

Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары тажикстандык окуучуларды кармап, кайра коё берген деп тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу SUPER.KG порталы Чек ара кызматына байланышканда белгилүү болду.

Мекеменин маалыматында, мындай маалымат чыккандан кийин эки өлкөнүн чек ара маселелери боюнча өкүлдөрү телефон аркылуу сүйлөшүү жүргүзүшкөн. Анда Тажик тарап окуучулары кармалган же сабалган окуя болбогонун расмий билдирген.

“Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы интернеттин тажик сегментинде тараган делген «Кыргыз Республикасынын чек арачылары тарабынан эки тажик мектеп окуучусун сабады» деген маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирет.

Мындай маалымат жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккандан кийин Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын чек ара өкүлдөрүнүн ортосунда телефон аркылуу сүйлөшүү болуп, анда тажик тарап Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары тарабынан тажик мектеп окуучуларынын кармалышы жана сабалышы фактысын расмий түрдө четке какты. Алар маалыматтын “фейк” экендигин моюнга алышты», — деди маалымат катчы.

Кечээ, 27-апрелде Тажикстандын Исфара шаарынын бийлик өкүлдөрү Ворух анклавында жашаган эки өспүрүмдү Кыргыз өлкөсүнүн чек арачылары кармап, суракка алганын билдиргенин «Озоди» тажик кызматы жазып чыккан. Анда 8-класста окуган эки окуучуну 25-апрелде мал жайып жүргөн жеринен Кыргыз чек арачылары кармап, уруп-согуп суракка алышканы айтылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.