Бишкектен Таласка Казакстан аркылуу жүргүнчү ташып каттоого уруксат берилди

Бишкек, 28.04.2021 Sokol.media

Казак өкмөтү Бишкектен Жамбыл облусу аркылуу Таласка жүргүнчү ташыган унааларга транзиттик жол ачууга макулдук берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Мындай чечим президент Садыр Жапаровдун март айында Казакстанга болгон иш сапарынын алкагында Касым-Жомарт Токаев менен сүйлөшүүсүнүн натыйжасында кабыл алынган. Андан соң апрелде өкмөт башчылары макулдашкан.

ТИМден бул багыт боюнча жүргүнчү ташып каттоо былтыр 16-мартта коронавирус пандемиясынан улам токтотулганын эскертишти.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.