Садыр Жапаров: «Тарифти көтөрбөсөк, тезек терген жашоо башталат»

Бишкек, 27.04.2021 Sokol.media

Президент Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде электр энергиясына болгон тарифтин көтөрүлүшү боюнча комментарий берди.

Президент алынган насыялар жана гранттар энергетика тармагына жардам бербестен, коррупционерлердин чөнтөгүнө түшүп кеткендигин белгиледи. Бирок кылмышкерди табуу жана келтирилген зыянды калыбына келтирүү өтө узак убакытты талап кылат. Ошондуктан, калк ичинде тарифти көтөрүү менен кырдаалды сактап калуу керек.

Энергетика тармагындагы көйгөйлөр 30 жылдан бери созулуп келе жатат. Кризис кечээ же менин келишим менен башталган жок. Айрыкча акыркы 10 жылда бийлик энергетика тармагын өнүктүрүү үчүн насыя алып, бирок эч нерсе кылган жок. Подстанциялар, линиялар аянычтуу абалда, акча уурдалган. Элдер: «Эмнеге башкалар уурдаганды эл төлөшү керек, эмне үчүн бул адамдарды уурдаган акчасын кайтарып берүүгө мажбурлашпайт? » -, деп жатышат. Бирок бул үчүн жок дегенде 1-2 жыл керек, себеби баарын текшериш керек , кылмышкерлерди табыш керек, ишти сотко өткөрүп, акчаны кайтартыш керек. Бул оңой көлөм эмес, 2-3 жыл талап кылынат. Биз ушуну күтүп, тариф саясатын өзгөртпөсөк, анда кийинки жылы Токтогул ГЭСи иштебей токтоп калат. Кыргызстан энергетикасыз калат жана тезек терген жашоо башталат», — деп эскертти Жапаров.

Эске сала кетсек, өкмөт электр энергиясына болгон  тарифтерди көтөрүүнү пландап жатат. Аз камсыз болгон жарандарды жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдү кошпогондо, дээрлик бардык абоненттер үчүн электр энергияга болгон баанын эки эсе өсүшү күтүлүүдө.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.