Режиссер Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» тасмасы «Ника» сыйлыгына ээ болду

Бишкек, 27.04.2021 Sokol.media

Москвада 25-апрелде Орусиянын «Ника» киноакадемиясынын сыйлыгын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу «Российская газета» басылмасы кабарлады.

Анда «КМШ, Балтика жана Грузия боюнча «эң мыкты тасма» катары кыргызстандык режиссер Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» жана грузиялык Дито Цинцадзенин «Дем алуу» көркөм тасмалары табылды.

«Шамбала» 2020-жылы тартылып, фильмдин сценарийи Чыңгыз Айтматовдун “Ак кеме” повестинин негизинде жазылган.

Буга чейин аталган фильм Калькутта эл аралык фестивалында «Мыкты тасма» номинациясын жеңген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.