Бишкек мэриясы жол кирени көтөрүү маселесин коомдук талкууга койду

Бишкек, 27.04.2021 Sokol.media 

Бишкек шаар башкармалыгы жол кирени көтөрүүгө байланыштуу маселени коомдук талкууга коюп жатат.

Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Жол акыны көтөрүүгө байланыштуу үч вариант иштелип чыкты.

Биринчи вариант — азыркы бааны калтыруу, экинчиси — автобус, троллейбус баштаган муниципиалдык транспортто жүрүүнүн наркын 11 сом, маршруттук унаалардын жол акысын 15 сомго көтөрүү, үчүнчү вариант — автобуста 15, троллейбуста 11, маршруттук унааларга 19 сом төлөп жүрүү сунушталууда.

Жол кире акыркы жолу 2012-жылдын 1-майында көтөрүлгөн. 2021-жылдын январь айында Бишкектеги маршруттук таксилердин айдоочулары тарифти көтөрүү талабы менен акцияга чыккан. Алар талап аткарылбаса, иш таштай турганын билдиришкен.

Читайте также:

комментария 2

  1. Аноним:

    Продукты готорулсо, жол гире готорулсо, иш жок болсо каяктан алышат акчаны Эл ошону ойлонуш герек

  2. Акжол:

    Айлыкты которгуло биринчи,

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.