Казакстанда нааразылык катары камактагы эки киши кашык жутуп алган

Бишкек, 26.04.2021 Sokol.media

Казакстандын Актау шаарынын четиндеги абакта жаза өтөп жаткан эки киши «кармоо режимине нааразылык катары» кашыктын кармагычтарын жутуп алышты. Бул тууралуу 25-апрелде жергиликтүү ЖМКлар Жазаларды аткаруу кызматынын Мангистау облустук департаментине шилтеме кылып кабарлашты.

Мекеменин маалыматына караганда, окуя 21-апрелде болгон. Абактын кызматкерлери кашык жуткан эки кишиге медициналык жардам көрсөтүп, тез жардам кызматын чакырышкан. Азыр алардын абалдары «канааттандыраарлык» деп бааланууда.

Бул окуяга байланыштуу абакка Коомдук байкоочу комиссиянын жана Улуттук первентивдик механизмдин өкүлдөрү барышкан.

— 25-апрелде мекеме жетекчилигинин чакыруусу менен аталган абакка барып, андагы кармоо шарттары менен тааныштык. Катаал шартта кармалгандар менен жекеме-жеке жана жалпы сүйлөшүүлөрдү өткөрдүк. Биз эки тараптын пикирин тең уктук, алардын айткандары иликтенип, текшерилет, — деди Мангистау облусундагы Улуттук пренвентивдик механизмдин атайын тобунун жетекчиси Александр Муха.

Казакстанда камактагы адамдар өз өмүрүнө кол салып, денесине оор залал келтирген окуялар сейрек көрүнүш эмес. Укук коргоочулар көпчүлүк учурларда мындай көрүнүштөргө кыйноо, катаал мамиле жана басым көрсөтүү себеп болорун айтып келишет. Эксперттердин айтымында, кыйноо жана катаал мамиле боюнча даттануулардын негизинде козголгон кылмыш иштердин өтө аз бөлүгү гана сотко чейин жетет. Бийлик декабрдын аягында 2020-жылы өлкө абактарында кыйноо боюнча бир да факты катталбаганын билдирген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.