Индияда коронавирустан өлгөндөр көчөдө өрттөлүүдө. Сүрөт

Бишкек, 26.04.2021 Sokol.media

Акыркы учурда Индияда коронавируска байланыштуу кырдаал өтө оор деп бааланууда. Индия илдетке чалдыккандардын жана каза болгондордун саны боюнча бардык рекорддорду жаңылады. Өлкөнүн саламаттыкты сактоо тутуму иштебей калганы, ооруканалардагы орундар жана крематориялар жетишсиздиги байкалууда.

Коронавирустун кесепетинен каза болгон адамдардын сөөгү көчөдө өрттөлүп, көптөгөн ооруканаларда керебеттер жана кычкылтек түгөнгөндүктөн, бейтаптарды кабыл албай жатышат.

Индиянын премьер-министри элге кайрылуусунда: «Биринчи толкун менен ийгиликтүү күрөшкөндөн кийин биз жеңишке жетерибизге ишенгенбиз, бирок коронавирустун бул толкуну элди титиретти»,- деп айтты.

Джон Хопкинс университетинин маалыматы боюнча, учурда Индияда COVID-19 илдетин жуктуруп алгандардын  жалпы саны дээрлик 17 миллионго жетип,192 миңден ашуун адам көз жумган.

.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.