Карыянын башын жарган ташбака унаага кантип кирген?

Бишкек, 23.04.2021, Sokol.media

Американын Флорида штатында жолдо жүрүп бара жаткан унаанын салонуна ташбака кирип кеткен. Рептилия түркүмүндөгү ташбака унаанын маңдайкы терезесин сындырып, алдыңкы орундукта бара жаткан кары кемпирдин башына жаракат келтирген. Бул тууралуу чет элдик басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Ал эми транспорт каражатын 71 жаштагы жабырлануучунун кызы башкарып бара жаткан. Кырсык болгон маалда өтүп бара жаткандардан жардам сурап, белгисиз жандыктын ташбака экендигин аныкташкан. Эсин жоготпостон, башы жарылып, катуу кан кеткен карыяга жеринде жардам көрсөтүлүп, андан кийин ооруканага жеткирилген.

Куткаруучулар билдиргендей, унаага урунган ташбака окуядан кийин аман калган. Божомолдорго ылайык, ал башка транспорт каражатына урунгандан кийин абага көтөрүлгөн болушу мүмкүн. Окуянын каарманы болгон жаныбар коргоочу калканынан кичинекей жаракат алып, унаадан чыгарылгандан кийин жакын жердеги токойго коё берилген.

Флорида штатынын жол кайгуул кызматынан билдиришкендей, бул өзгөчө окуя аталган аймактагы таң калычтуу жагдайлардын алгачкысы эмес. Буга чейин 2016-жылы да Делтон шаарынан алыс эмес жерде ташбака унаанын терезесин маңдайкы терезесин талкалаган учур катталган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.