Добуш сатып алууга шектелген партиянын өкүлү суракка келбей жатат

Бишкек, 23.04.2021, Sokol.media

Бишкек шаардык кеңешине шайлоо күнү НДПК партиясы үчүн добуш сатып алууга шектелген жаранга сыртынан кылмыш иши козголгондугу тууралуу маалымат берилип, суракка чакырылган. А бирок ал милиция бөлүмүнө келбеген соң, ага издөө жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн 23-апрелде Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Эске салсак, 11-апрель күнү №29 мектеп-гимназиясында жайгашкан №1208 аймактык шайлоо комиссиясындагы миилиция кызматкерлерине чоочун адам НДПК партиясы үчүн добуш берүүгө үгүттөп, 1000 сомдон акча сунуштап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Натыйжада, 1977-жылы туулган А. Б, жана 1977-жылы туулган Б. Ю. аттуу жарандар кармалышкан.

Окуя болгон жерге барган Биринчи Май райондук Ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери «Равон» үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда НДПК партиясынын атрибуттары чагылдырылган 52 календарь, «Биздин команда» деп жазылган 45 брошюра, аталган партиядан талапкер Исламбек Мурсабековдун сүрөтү түшүрүлгөн 18 брошюра, «НДПК №15» деген жазуу түшүрүлгөн 7 брошюраны аныкташкан.

Андан сырткары, А. Б.’га жеке кароо жүргүзүү учурунда 18 миң 790 сом, 202 доллар, 4000 рубль жана Э. А.’нын атына катталган айдоочулук күбөлүк менен паспорт, акча которулгандыгы тууралуу 2 дүмүрчөк жана 2 банктык карта табылган.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине 192-берене («Шайлоочуларды сатып алуу») менен катталган.

Шектүүлөр милиция бөлүмүнө жеткирилип, териштирүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин суракка келүү милдеттенмеси менен бошотулган болчу.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.