Дээрлик миллион сом! Дөңгөлөк алмаштырууга келген аял байып кетти

Бишкек, 23.04.2021, Sokol.media

Американын Канзас штатындагы Олейте шаарынын тургуну унаасынын дөңгөлөктөрүн алмаштыруу үчүн автосервис кызматына эрте келип, лотереялык билеттен ири суммадагы каражат утуп алды. Бул тууралуу UPI басылмасы жазып чыкты.

Утушка ээ болгон Мика Льюистин айтымында, ал дөңгөлөк алмаштыруу үчүн атайын кызматка аябай эле эрте келген. Убакытты өткөрүү үчүн дүкөнгө кире калган жашоочу көз ирмемде ойнотулчу лотереядан он миң доллар жеңип чыккан.

«Автосервис кызматын күтүп отурганымда билеттин коргоочу катмарын сүрттүм. Алгач мен жөн эле билетти туура эмес көрүп жатам, мынча көп суммадагы акча утуп алышым мүмкүн эмес деп ойлогом. Аягында кайра-кайра текшерип отуруп, анан гана утуп алганыма ишендим», — деген ал.

Льюис акчанын бир бөлүгүн кызынын Флорида штатындагы жогорку окуу жайын бүтүрүп жатышынын урматына үй-бүлөлүк эс алууга коротуп, ал эми калганын депозитке сала тургандыгын белгилеген.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.