COVID-19: Казакстанда 2894 жаңы учур жана 32 өлүм катталды

Бишкек, 23.04.2021 Sokol.media

22-апрелде Казакстанда коронавирустук инфекциянын 2894 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу  Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.

Бейшемби күнү Алматыда 698, Нур-Султанда 511 жаңы оору катталды.Күнүнө 200дөн ашык учур Караганда облусунда (228) жана Актөбө облусунда (226) катталды. Алматы облусунда — 195, өткөн айдын аягынан бери биринчи жолу бул аймакта 200дөн кем учур катталды.
Өлкөдө өткөн жылдын март айынан бери катталган лабораториялык тастыкталган учурлардын расмий саны 300 миңден ашып, учурда 300 733тү түздү.

Саламаттыкты сактоо министрлиги 21-апрелде, шаршемби күнү пневмониянын 107 жаңы учуру  катталгандыгын жарыялады.
Өткөн суткада коронавирустан 29 өлүм  жана пневмониядан  үч өлүм катталды.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.