Чүйдө күйөөсү аялын тирүүлөй көмүп салган

Бишкек, 23.04.2021 Sokol.media Бегимай Керимова

2021-жылдын   22-апрелинде  Панфилов РИИБге 24 жаштагы С.К.аттуу жергиликтүү тургундан кошунасы аялын чуңкурга көмүп салгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Бул факт Панфилов районунун Ички иштер башкармалыгынын АИС КЖБР ИИБге катталды. Сотко чейинки өндүрүш башталды.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 35 жаштагы күйөөсү мас абалында үйүнө келип, 33 жаштагы аялын  уруп, үйдүн короосуна алып чыгып, чуңкурга түртүп,  белине чейин көмүп салган. Аны  көргөн кошунасы жардамга чакырып, аял бошотулган.

Сурак учурунда сабалган аялдын күйөсү  мындай жорукка  кызганычтын айынан барган. Ушундай жол менен аялын коркуткусу келгенин айткан.

Учурда керектүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө иш-чаралары уланууда

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.