Бишкекте «Өлбөс полк» акциясы өткөрүлбөйт

Бишкек, 23.04.2021, Sokol.media

Быйыл Бишкекте 9-Май — Жеңиш күнүнүн урматына «Өлбөс полк» акциясын өткөрүүгө тыюу салынды. Бул тууралуу шаардын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим өлкөдөгү коронвируска байланыштуу абалдын курчуп бараткандыгынан улам кабыл алынган. Андан сырткары, быйыл борбордо «Шаар күнү» (29-апрель) жана «Жеңиш күнү» (9-май) белгиленбейт.

«Ооругандардын саны көбөйүүдө. Анын үстүнө Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, пандемиянын үчүнчү толкуну май-июнь айларына туура келээри күтүлүүдө. Эгер уруксат берип коё турган болсок, кырдаал көзөмөлдөн чыгып кетиши мүмкүн», — дейт Кундашев.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.