Өзбекстанда 3 жаштагы баласын өзүнө байлап, Нарын дарыясына секирүүгө аракет кылган

Бишкек, 22.04.2021 Sokol.media

Өзбекстанда 3 жаштагы наристеси менен дарыяга секирүүгө аракет кылган аялды сактап калышты. Бул тууралуу өзбек маалымат каражаттары жазып чыгышты. 

Маалыматка ылайык, бүгүн, 22-апрелде аталган өлкөнүн убактысы боюнча саат 1:20лар чамасында белгисиз себептерден улам 3 жаштагы наристеси менен биргеликте Наманган облусунан өткөн Нарын дарыясына секирүүгө аракет кылган аялды Улуттук гвардиянын кызматкерлери жана өтүп бараткандар аман алып калышып, биринчи медициналык жардам көрсөтүшүп, ооруканага жеткиришкен.

Сурак учурунда, аялдын 1983-жылы туулгандыгы жана Наманган облусунун Учкурган районунун тургуну экендиги аныкталган. Маалым болгондой, ал дарыяга секирер алдын 2017-жылы туулган баласын өзүнө байлап алган. 

Учурда бул иш Учкурган РИИБ тарабынан иликтенип жатат.

Булак: Акмедиа

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.