Таластагы тарыхый имараттардын ажайып кооз сүрөттөрү

Бишкек, 22.04.2021 Sokol.media

XIX кылымдын экинчи жарымынан баштап Талас өрөөнүндө орус жана украин айылдары пайда болгон. Буга Орус Империясынын борбордук бөлүгүндөгү тургундарынын бул аймакка журт которушу себеп болгон. Айылдарга көбүнчө адамдардын аттары берилген.

1870-жылдары бул аймакка орустар көчүп келгенде алгач чиркөө, кийин мектеп курулган. Ал эми 1880-жылдардын баштап Николайполь, Владимировка, Андреевка, Романовка, Орловка деген аталыштагы немистер түтүн булаткан айылдар пайда болгон.Бул айылдагы айрым имараттар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. Кылым карыткан имараттардын бүгүнкү көрүнүшүн сүрөттөрдөн көрүңүз. Сүрөттөрдү «Азаттыктын» Таластагы кабарчысы Максат Кутманбеков тарткан.

1. Талас шаарында жайгашкан бул чиркөө 1890-жылы курулган. Тарыхый маалыматтарга таянсак, чиркөө ыйык Дмитрий Солунскийге арналып салынган. Анын курулушун ошол кездеги көпөс Дмитрий Дамаскин каржылаган. Чиркөө тегерек формада. Жанында чиркөөгө таандык чакан үй бар.
Революциядан кийинки 1937-1938-жылдары чиркөөнү совет бийлиги тартып алган. Имарат буудай сактаган кампа, кийин телеграф катары колдонулган. Чиркөөнүн имаратынын ичиндеги айкаш жыгачтары жана чатыры сакталып калган. Учурда чиркөө оңдолуп, ачык түстөр менен боелгон.
2. Манас районунун Покровка айылындагы орустардын чиркөөсү. Бул чиркөө 1868-1870-жылдары курулган. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, имаратты айылга биринчи болуп көчүп келген Алексей Воронин курган. Чиркөө эки жыл аралыгында бүтүп, курулушка керектүү каражаттар Олуя-Атадан (Тараз-ред.) ат араба менен ташылып келген.
3.Чиркөөнүн кире беришиндеги дубалга түшүрүлгөн оймолор. Бул чиркөөнүн имараты бышкан кыштан салынган.
4. Покровка айылындагы орустардын чиркөөсүнүн күн батыш тарабынан көрүнүшү. Чиркөөнүн тегерегине көчүп келген адамдар 1874-жылы айылды негиздешкен. Айыл «Покрова Божией Матери» деп аталып жүрүп, кийин кыскартылып Покровка деп аталып калган.
5. Бул имаратта 19-кылымдын аягында Орусиядан көчүп келген Дмитрий Дамаскин аттуу көпөс жашаган. Дамаскиндин көзү өткөндөн кийин ал жашаган үй СССРдин Ички иштер Эл Комиссариатынын кеңсесине айланган. Көп өтпөй бул имарат ооруканага берилген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин имаратта Талас облусу боюнча «Таза суу» программасынын башкы кеңсеси жайгашып, кийин райондор аралык сот жана сот департаментинин карамагына өткөн.
6. Манас районунун Покровка айылындагы Бугрян мектеби. Айыл тургундарынын айтымында, мектепти келгин орустардын Морозов аттуу көпөсү 1878-жылы курган. 1870-жылдары бул аймакка орустар алгач көчүп келгенде чиркөө, кийин мектеп курулган.
7. Бугрян мектебинин арткы көрүнүшү.
Мектеп пайдубалы жок, жерден эле кирпич менен көтөрүлүп салынган. Дубалдын калыңдыгы 90-100 см. Мектеп дөбөдө жайгашкандыктан аны Бугрянский (бугор-дөбө) орто мектеби деп аташат. Учурда мектепте 1-9-класстарга орус тилинде орто билим берилет.
8. Бугрян мектебинин кире бериши. Бул мектепте жазуучу Чыңгыз Айтматов жана анын карындашы Роза Айтматова окуган.
9.Бакай-Ата районунун Боо-Терек айылындагы орустардын чиркөөсү 1871-жылы курулган. Айылдагы жашоочулардын айтымында, чиркөөнү орус көпөсү салдырган. Ал убакта айыл тургундарынын 40% орустар түзгөн. Чиркөө бышкан кыштан тургузулуп, узундугу 25 метрди, туурасы 17 метрди түзөт.
10. Чиркөөнүн ички көрүнүшү. 130 жыл мурда курулган бул чиркөө учурда музейге айланган.
11. Ал эми бул имарат 1874-1876-жылдары салынган. Аны Украинадан көчүп келген адамдар курган. Бул үйдө алгач жөнөкөй үй-бүлө жашаган. Кийин бул үй кербендер конуп кетчү жайга айланган. Азыр бул имаратта Аксакалдар кеңеши жайгашкан.
12. Манас районуна караштуу Жайылган айылында 1900-жылдардын башында курулган мечит азыркыга чейин элге кызмат кылып келет. Мечит ким тарабынан салынганы тууралуу так маалымат жок. СССР маалында молдолорго кысым көрсөтүлүп, мечиттин тарыхы унутулуп калган.
13.Мечиттин ички көрүнүшү. Жоромолдор боюнча мечитти Бухарадан келген усталар салган. Мечиттин дубалынын калыңдыгы 100-120 см. түзөт. Ичиндеги арабча сөздөр 1955-1956-жылдары жазылган. Андан кийин имараттын чатыры алмаштырылган.
14. Мечиттин дубалындагы эски жазуу. Бул аймакта жалгыз мечит болгондуктан Талас районунун Көпүрө-Базар айылынан тарта Бакай-Ата районунун жана Кара-Буура районундагы Шекер айылынын тургундары апта сайын жума намазга келип турушкан.
15. Кара-Буура районунун Аманбаев айылындагы оорукана. Бул оорукананын имаратын 1906-жылы айылды негиздеген орус улутундагы жарандар курган. Мурун бул жер чиркөө болгон. Кийин ооруканага берилген. Имараттын пайдубалы кирпичтен тургузулуп, дубалынын калыңдыгы 80 сантиметрге жетет. Бул оорукана иштеп баштагандан кийин жанына экинчи имарат курулган. Учурда оорукананын эски имаратынын жарымы банктардын бирине ижарага берилген.
16. Кара-Буура районунун мурдагы Грозный, азыркы Аманбаев айылы. Бул айылды 1850-жылдары Талас өрөөнүнө көчүп келген украиналыктар негиздеген. Грозный айылы украиналык келгиндердин эң акыркы түзгөн айылы болгон. 1870-1875-жылдары бул айылда көчөлөр түшө баштаган. Андан кийин чиркөө, мектеп, дүкөн салынган. Аталган имараттар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган.
17.Мурдагы Грозный, азыркы Аманбаев айылында 100 жыл мурун курулган бул имараттар азыр деле дарыкана же дүкөн болуп элге кызмат кылууда.
18. Кара-Буура районунун мурдагы Грозный, азыркы Аманбаев айылындагы эски имараттардын бири. Бул айылдагы эски имараттардын көпчүлүгү бышкан кыштан курулган.
19.1870-жылдары негизделген Грозный айылындагы имараттардын бири.
20. 1850-жылдары Талас өрөөнүнө көчүп келе баштаган украиналык орустар алгач Покровка, андан кийин Александровка (азыркы Кара-Буура), андан кийин Ивано-Алексеевка, кийин Грозный айылдарын негиздешкен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.