Таласта сууга чөккөн 2 жашар баланы издөө иштери токтотулду

Бишкек, 22.04.2021 Sokol.media

Таласта сууга чөккөн 2 жашар баланы издөө иштери токтотулду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка таянсак, Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районундагы Өзгөрүш айылында 12-апрель күнү саат 17:00 чамасында 2019-жылы туулган бала Талас дарыясына түшүп кеткен. ӨКМнын Талас облустук башкармалыгынын шаардык жана райондук кызматкерлери тарабынан издөө иштери жүргүзүлүп, суучулдар 10 күндүн ичинде 35 чакырым алыстыкта издешкен.

Бүгүн, 22-апрелде наристенин ата-энеси тил кат жазып, иштөө иштерине эч кандай доосу жок экенин билдирешкен. 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.