Баш байге эки бөлмөлүү батир. Кыргызстанда «Илимдүүнү ийгилик издейт» аттуу китеп окуу сынагы өтөт

Бишкек, 22.04.2021 Sokol.media

Республикалык «Илимдүүнү ийгилик издейт» аттуу китеп окуу сынагы өтөт. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, сынак ушул жылдын 27-ноябрда өткөрүлүп, жеңүүчүлөр аныкталат. Сынакка катышууну каалагандар ушул жылдын 20-ноябрь айына чейин катталышы зарыл.

«Сынак «Ыйман бутактар», «Өчпөс өмүр» жана «Бакыт Ордосу» китептеринин негизинде өткөрүлөт. Баш байгени жеңгендерге эки бөлмөлүү батир берилмекчи. Калган байгелүү орундарга акчалай жана кызыктыруучу сыйлыктар тапшырылат»— деп жазылат маалыматта.

Сынакты Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы жана Кыргызстан ислам университети уюштурулуп жатат.

Эскерте кетчү жагдай, сынакка катышууну каалаган окурман бир гана китепти тандай алат.

Кененирээк маалымат алуу үчүн төмөндөгү номерлерге кайрылууга болот: 0551 808 989, 0779 808 989 Ош облустук казыяты.
Белгилей кетсек, ушул жылдын 13-мартында «БИЛИМДҮҮГӨ ДҮЙНӨ ЖАРЫК» жана «ОКУГАН МУУН ЖАРКЫН КЕЛЕЧЕК» аттуу Республикалык деңгээлде китеп окуу сынагы болуп, анда баш байгеге бир бөлмөлүү батир берилген эле.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.