Каракутан алтын кенинде үч жумушчуну таш басып калды

Бишкек, 22.04.2021 Sokol.media 

21-апрелде Самарканд облусунун Пахтачи районундагы Каракутан алтын кенинде үч жумушчуну таш басып калды.

Кенде үч айдан бери иштеп жаткан 42 жаштагы Улугбек Нуралиев окуя болгон жерде жан берип, калган экөө аман калды.

Райондук прокуратура иликтөө иштерин баштады.

Кенчилер аварияга коопсуздук эрежелеринин сакталбаганы себеп болгонун билдиришүүдө.

«Улугбек иштеген 17-шахта сууга толуп калган. Эреже боюнча сууну насос менен сордуруп алып, андан соң гана жумушчуларды төмөн түшүрүү керек, бирок насостор эскирип, иштебей калган. Шахтерлор сууга тушүп иштөөгө аргасыз болушкан», — деди атын атагысы келбеген кенчилердин бири.

Каракутан кениндеги кароосуз калган шахталарда мындан мурда да адам өлүмү катталган. 2019-жылы мыйзамсыз алтын казып жүргөн үч кишинин экөө, 2018-жылы 30 кишинин бирөө шахтадагы кырсыктан улам каза болгон.

Пахтачи районунда дээрлик ар бир үйдө алтын чайкоочу жабдуулар бар экени айтылып келет.

Каракутан алтын кени Навои тоо-металлургия комбинатына таандык. Комбинат 2020-жылы дүйнөдө алтын казуу боюнча биринчи орунду алган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.