«Кайрадан согуш». Дүйнө чемпионунан жаңы китеп

Бишкек, 22.04.2021, Sokol.media

Бокс боюнча дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, кыргыз мушкери Орзубек Назаровдун «Кайрадан согуш» аттуу автобиографиялык чыгармасы жарык көрдү. Бул тууралуу китептин автору социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анда айтылгандай, кыргыз жана орус тилинде жарык көргөн китептин бет ачары 24-апрелде өткөрүлөт.

«1983-жылдан бери көз алдымда болуп өткөн окуяларды жана кичинекей ачылыштарды күндөлүккө жазып жүрөм. Качандыр бир кезде өзүмдүн өмүр баяным тууралуу бүт дүйнөгө айтып береримди ички туюмум менен сезгем. Эгер ушул китептин сизге жол көрсөтүүсүнө уруксат берсеңиз, анда дүйнөнү бир аз башкача, мага окшоп карай баштайсыз деп ойлойм», — деп жазган мушкер.
Кошумчалай кетсек, Орзубек Назаров бокс боюнча профессионалдар арасында дүйнөнүн 7 жолку чемпиону, СССРдин Эмгек сиңирген спорт чебери, Кыргыз Республикасынын Бокс федерациясынын вице-президенти, 4-чакырылыштагы Жогорку Кеңештин депутаты болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.