Кадыр түн качан болоору белгилүү болду

Бишкек, 22.04.2021 Sokol.media

Быйылкы Кадыр түн 9-майга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Орозо быйыл 13-апрелге караган түнү башталды. Кадыр түн дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.

Бул түнү  ислам динин кармангандар таң атканча уктабастан, жакшылык тилеп, куран окушат. Шарият боюнча бул түн миң айдан да артык деп эсептелет. Эгерде Кадыр түнү инсан эки ирет намаз окуса, 84 жыл бою ибадат кылганга барабар соопко ээ болот деп айтылат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.