Бишкекте сегиз көчө убактылуу жабылат (тизме)

Бишкек, 22.04.2021 Sokol.media

25-апрелден баштап Кытай Эл Республикасынын Өкмөтүнүн грантынын эсебинен “Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү” долбоорунун экинчи этабынын алкагында дагы сегиз көчө тилкесинде жол иштерин баштоо пландалууда. 

Реконструкциялоо жагына тротуарларды жана ирригациялык тутумдарды куруу үчүн кезекте турган көчөлөрдүн тизмеси:
1. Кулатов көчөсү Кара-Көл көчөсүнөн  Байтик-Баатыр көчөсүнө чейин;
2. Чортеков көчөсү Жайыл-Баатыр көчөсүнөн Абдрахманова көчөсүнө чейин;
3. Архитекторлор көчөсү Киргизкая көчөсүнөн МЧК көчөсүнө чейин;
4. Баба-Ата көчөсү Бакаев көчөсүнөн Садырбаев көчөсүнө чейин;
5. Жолон көчөсү Ашар көчөсүнөн Алыкулова 55 көчөсүнө чейин;
6. Шералиев көчөсү Жайыл-Баатыр көчөсүнөн Ахунбаев көчөсүнө чейин;
7. «Дордой-2» турак жай конушуна кирүү Центральная көчөсү, айланып өтүүчү жолдон турак-жай конушунун аягына чейин;
8. Гидрокурулуш көчөсү Курманжан Датка  көчөсүнөн Аул көчөсүнө чейин.

Урматтуу шаардыктар, унаа ээлери! 25-апрелден тарта күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу, жогорудагы аймактарда транспортко  жарым-жартылай чектөө киргизилет. Көчөлөрдүн толук жабылышы жана жумуштардын башталуусу 1-майга пландаштырылган.

Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү боюнча долбоордун экинчи этабы эки жылга эсептелген. Бул убакыттын ичинде 5 көпүрө куруу жана жалпы узундугу 70 чакырымдан ашык 60 көчөнү оңдоо пландалууда. Бул тизмедеги көчөлөрдүн көпчүлүгү кеңейтилет же жаңыланат, баарында тротуарлар жана ирригациялык тутумдар орнотулат. Оңдоо иштери Кытай Эл Республикасынын гранттык каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт, 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.