Бишкекте коронавируска байланыштуу 15 мектеп жабылды

Бишкек, 22.04.21 Sokol.media

Бишкекте 21-апрелде 45 окуучу коронавирус инфекциясына чалдыкса, алардын бири пневмония менен ооруйт. Бул тууралуу билим берүү башкармалыгынын өкүлү Гүлмира Акматова 22-апрелде борбор калаанын мэриясында өткөн брифингде билдирди.

Анын айтымында, 24 мугалимде коронавирус, 6 мугалимде пневмония аныкталган.

«3746 окуучу жана 38 мугалим ОРВИ менен ооруп жатышат», — деди Акматова.

Учурда 15 мектеп онлайн билим берүүгө жана 14 мектеп аралыктан окутууга өткөрүлдү.

 Бүгүнкү күндө, ата-энелердин кайрылуусуна ылайык, 1607 окуучу үйдө окуп жатышат.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.