Арзан баада азык-түлүк алгыңыз келсе, жарманкеге барыңыз

Бишкек, 22.04.2021 Sokol.media

Бишкекте ушул дем алыш күндөрү кезектеги айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарманке эртең мененки саат 10до башталып, анда ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукциялары сунушталат.
Жарманке үч пунктта өткөрүлөт. Алар:
•  Раззаков көчөсү, Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн сегменти;

• №12 кичи районундагы Нуркамал Жетикашаева жана А.Токомбаев атындагы көчөлөрдүн кесилиши;.

• Т.Айтматов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилиши.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.