ВИДЕО-Ошто 4 жаштагы кызды бала бакча кызматкери чачын жулуп, ийне сайып урган

Бишкек, 21.04.2021 Sokol.media

Ош шаарындагы «Жасмин» атындагы жеке бала бакчада балдарды уруп, мазактап келишкен. Бул тууралуу 24.kg басылмасы коомдук ишкер Ассоль Молдокматованын билдирүүсүнө таянып жазып чыкты. Маалыматта, Ассоль айымга балдары жабыр тарткан ата-энелер кат жолдогон. «Алгач мага ур-токмокко кабылган балдардын энеси кайрылды. Анын төрт жаштагы кызын бала бакчанын кызматкерлери түштөнүүдөн баш тартып уктоого мажбурлап ургандыгын айтат. Ага бала бакчадан саат 16:00 чамасында бирөөлөр чалып, кызын бала бакчанын кызматкерлери шприц менен сайып, чачын жулуп уруп жатканын айтышкан. Кызын уйүнө алып баргандан кийин чачтарынын жулунуп тасырайып калган жерлерин баштарындагы тактарды манжаларынын учтарындагы ийнеден калган жаркаттарды ар кандай көгалаларды көргөн. Буга бала бакчанын жетекчилери түшүндүрүп бере алган эмес», —деп кабарлайт.

Ошондой эле,  Ассол Молдокматова жабырланган кыздын да айтуусун сөзсө сөз жарыялады.
«Түштөн кийин тарбиячыбыз бир жакка кетип бизди Динара эже (бала бакчанын бхгалтери ) карап калды. Ал мени жатып укта деп кыйнады. Мен дааратканага бардым, андан кийин суу ичким келди. Динара эже мени «сен өзгөчөсүңбү» деп кыйкырып уруша баштады.

Андан кийин «Бул жак сенин үйүң эмес муну каалайм, тигини каалайм дегидей»-деп жулкулдатып төшөккө сүйрөп келди. Ушул учурда жетекчи эже колуна шприц алып келди да мени уктабасаң ийне саям деп коркутту. Жанында бала караган эже бар болучу. Андан кийин алар кетишти. Динара эже жалгыз калды. Ал мага жинденип, шприцти алып мени колго сайып баштады. Мен ооруганына чыдабай ыйладым. Ыйлаган сайын колдорума сая берди. Менин колдоруман кан чыкты, корктум. Бакырып ыйладым. Ал болсо мени чачымдан өйдө көтөрдү чачтарым катуу ооруду. Андан кийин көзүмдү жумбасам ийне менен көзгө саям деп айтты. Коркконуман үнүмдү чыгарбай көзүмдү жуумп жаттым».
Ассоль Молдокматованын айтымында мындай көрүнүштөр бала бакчада болуп келет. Ондогон энелер балдарын бала бакчада уруп, мазактаганын айтышат. Баарынын колунда фактылары бар экенин билдиришкен. Жабыр тарткан ата-энелер арыз менен милиция бөлүмүнө кайрылды. Бул боюнча Аcсоль Молдокматова бала бакчаларды тыгыз текшерүүнү талап кыларын билдирди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.