Кумарканаларды ачуу мыйзамы Момбековго жакпай калдыбы?

Бишкек, 21.04.2021, Sokol.media

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында туристтик сезондо Ысык-Көл облусунда чет элдик туристтер үчүн кумарканаларды ачуу боюнча мыйзам долбоору каралып, биринчи окууда жактырылды. Аталган мыйзамды 67 депутат колдосо, 23ү кабыл алууга каршы чыкты.

Ал эми бул боюнча депутат Рыскелди Момбеков социалдык тармактагы баракчасына өз пикирин жазып чыкты.

«Кумарканаларды ачуу мыйзамы күч менен кабыл алынды, урматтуу достор. Ыйык Рамазан айында ушул мыйзамды кабыл албасак болот эле. Эки гана жол бар эле, Ак Үйдүн алкышын ала тургандар арбын болдубу же калың элдин каргышын ала тургандар калың болдубу, элибиз өзү электен өткөрүп алсын эми», — деген оюн жазган Момбеков.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.