ИИМдин орун басары Өзбекстанга расмий иш сапар менен барды

Бишкек, 21.04.21 Sokol.media

Ушул жылдын 20-апрель күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары О. Урмамбетовдун жетекчилиги алдындагы делегация Өзбекстан Республикасына расмий иш сапары менен барды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы маалымдады.

Иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги өзүнүн Өзбекстандык кесиптештери менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки министрликтин кызматташтык маселелерин, анын ичинде эки тараптуу кызыкчылыктарды көздөгөн кесиптик тажрыйба менен алмашуу, кызматкерлердин деңгээлин өнүктүрүү жана башка маселелерин талкуулады.
Өзбекстан Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргызстандан барган кесиптештерине ички иштер органдарындагы жүргүзүлүп жаткан реформалоонун жүрүшү, тутумга маалыматтык технологияларды киргизүүнүн оң натыйжалары, кылмыштуулуктун санын азайтуу жана болтурбоо жөнүндө айтып берди.
Андан сырткары, Кыргыз Республикасынын ИИМдин делегациясы Самарканд облусунунун  жана Ташкент шаарынын укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгү менен таанышууну пландоодо.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.