Айзуура Иманалиева: Бул биздин акыркы көрүшүү… акыркы коштошуу…

Бишкек, 21.04.2021 Sokol.media

Кыргыз элинин белгилүү төкмө акыны Элмирбек Иманалиевдин бул дүйнө менен кош айтышканына кечээ, 20-апрелде бир жыл болду. Акындын кызы Айзуура Иманалиева  атасы менен болгон акыркы сүрөтүн коюп, аны эскерди:

«Атам бул күнү өзгөчө нурдуу көрүндү… Улам ага тийишип: “Ата, кычырайсыз го, жашарып дагы кетиптирсиз” десем уялгансып күлүп коет. Абдан суктанып, көпкө чейин көзүмдү албай карап, ЭЛМИРБЕК деген атанын кызы болгонума ДАГЫ бир жолу сыймыктана түштүм…

Мелекти бешикке салмай ырымын кылып, батасын берип, кетмей болушту….
“Макул, жакшы тургула, ээ” деп, неберелерин өөп-жыттап, бизди унутуп калып эле кетип бара жатат… Аябай кызганып кеттим эмнегедир… “Ата, неберелериңизди го өптүңүз, а эмне кызыңызды деле өөп койсоңуз болбойбу”- деп айта салдым. Күлүп эле келип, бетимден сүйдү…

Бул биздин акыркы көрүшүү… акыркы коштошуу…
Атамдын кыз небереси менен түшкөн биринчи жана
акыркы сүрөтү…

Бир жыл өттү…
Мен үчүн “эскерүү” деген сөздүн канчалык оор экенин айтып бере албайм. Анткени, алар менин жүрөгүмдө ар дайым тирүү…»,-деп жазган ал.

Эске салсак,

Акын, КРдин эл артисти Элмирбек Иманалиев 42 жашында каза болгон. Ал 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында жарыкка келген. Бир нече ырлардын автору, айтыштардын жеңүүчүсү болгон.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.