32 миллион доллар! 90 жаштагы аял телефондогу алдамчыларга алданды

Бишкек, 21.04.2021, Sokol.media

Гонконгдо 90 жаштагы кемпир өздөрүн кытай бийлигинин өкүлдөрү деп тааныштырган телефондогу шылуундарга 32 миллион доллар каражатын тарттырып жиберди. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, алдамчылар миллионер кемпирге өздөрүн Кытайдын коомдук коопсуздук органдарынын кызматкерибиз деп тааныштырып, анын жеке маалыматтары материктик Кытайдын аймагында кылмыш жасоо үчүн колдонулгандыгын билдирген. Натыйжада, шылуундар аялдын кантип байыгандыгын иликтөө үчүн өзүнүн каржаттарын тергөөчүлөрдүн банктык эсебине которууну өтүнүшкөн.

Муну менен аталган факт Гонконгдо катталган эң ири суммадагы телефон алдамчылыгы болуп калды. Кабарлангандай, полиция кызматкерлери кылмышка тиешеси бар деп, 19 жаштагы жигитти колго түшүрду. Ал банктык эсепте калган 1,16 миллион доллардан башка бардык каражатты чыгарып кетүүгө үлгүргөн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.