Ош шаарында 18 жашка чыга элек өзбекстандык кыздарды эмне үчүн алып келип жатышат?

Бишкек, 20.04.21 Sokol.media

Ош шаарында жигиттер 18 жашка чыга элек кыздарды алып келип, нике кыйдырам деп жатышат. Бул тууралуу бүгүн, 19-апрелде Ош шаардык мэриясынын алдындагы дин иштери боюнча координациялык кеңештин жыйынында Ош шаарынын казысы Убайдулла Сарыбаев билдирди.

«Өзбекстандан келген 18 жашка чыга элек кыздар менен кыргызстандык жигиттерге нике кыйса болобу?», — деп суроо салды Сарыбаев.

Ош шаардык эмгек жана социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын кызматкери 18 жашка чыга элек болсо Өзбекстандык жараны болсо да уруксат берилбестигин, анткени алар нике кыйган жер Кыргызстандын аймагы экенин билдирди.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.