Мэрия шаар тургундарын селфи жасоого чакырат

Бишкек, 20.04.2021, Sokol.media

«Сүйүктүү шаар — Бишкек өз ишин улантат». Свердлов райондук акимчилиги «Чыгыш-5» кичи районунда шаар тургундарынын эс алуусу үчүн атайын аймак уюштурат.

Буга чейин да сүрөт сүйүүчүлөрү үчүн «кичи-Арбатта» чоң LED экраны, Эйфель мунарасынын, Англиядагы Биг-Бендин жана британиялык телефон кабинасынын макеттери орнотулду. Жакынкы күндөрү глобус менен фонтанга  айлана турган быйтыкчалар дагы орнотулат. Бул курулуштар демөөрчүлөрдүн каражатынын эсебинен каржыланат.

Эске салсак, аталган долбоорлор жана «Чыгыш-5» кичи районундагы атайын зонанын курулушу 2019-жылдын сентябрында башталган эле. 1,43 гектар аянтты ээлеген «кичи-Арбатты» орнотууга шаардын бардык муниципалитет кызматкерлери тартылган.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.