«Манчестер Сити», «Реал» жана «Челси» Чемпиондор Лигасынан четтетилиши мүмкүн

Бишкек, 20.04.2021, Sokol.media

«Манчестер Сити», мадриддик «Реал» жана лондондук «Челси» Чемпиондор Лигасынын 2020-21-жылкы сезонунун жарым финалдык оюндарынан четтетилет. Бул тууралуу УЕФАнын аткаруу комитетинин мүчөсү Йеспер Меллер билдирди.

Анын айтымында, 23-апрель күнү аталган уюмдун аткаруу комитетинин кезексиз жыйыны өтүп, жогоруда аталган клубдарды мелдештен четтетүү чечими кабыл алынат. Меллердин ою боюнча, бул жыйында Чемпиондор Лигасынын учурдагы сезонундагы калган оюндарды өткөрүү тагдыры да чечилет.

Эске салсак, УЕФАнын мындай чечими Европадагы 12 топ-клубдун өз ара Суперлига мелдешин уюштуруп жаткандыгы менен байланыштуу. Ал ортодо УЕФА менен ФИФА уюму дагы аталган демилгеге каршы экендигин билдирип, командаларга сөзсүз чара колдонула тургандыгын эскерткен.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.