Настойканы өздөрү даярдашкан. Уу коргошундан дагы эки адам ооруканага түштү

Бишкек, 20.04.21 Sokol.media

Ысык-Көлдүн тамырынан ууланган дагы эки бейтап Бишкек травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун токсикология бөлүмүнүндө жатат. Аталган маалыматты ооруканадан тастыкташты.

«Алардын абалы оор эмес. Бирок бул сиз ойлогондой эмес: алар өз алдынча дарыланып жатышты. Бейтаптар настойканы өздөрү даярдашкан. Алардын бири рак илдетинен жабыркайт»,- деп түшүндүрүштү алар.

Эске сала кетсек, буга чейин Бишкекте аконит менен ууланган учур жөнүндө маалымдалган. Анда  жүрөк ритминин бузулушу менен оор абалда жаткан 63 жаштагы адам Улуттук кардиология жана терапия борборуна жөнөтүлгөн.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.