Жылдын эң мыкты сүрөттөрү аныкталды. Алар кайсылар?

Бишкек, 19.04.2021, Sokol.media

Дүйнөдөгү эң беделдүү делген World Press Photo фото сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды. Баш байгеге Бразилиядагы карылар үйүнүн абалын чагылдырган даниялык сүрөтчү ээ болду.

1. Жылдын сүрөтү. Автор — Мадс Ниссен

Сүрөттө: Медайым Сан-Паулудагы (Бразилия, 2020-жыл, 5-август) карылар үйүндө жашаган 85 жаштагы Роза Лузияны кучактоодо. Бул кучакташуу ал үчүн акыркы 5 айдан берки алгачкы мээрим болду. Себеби, 2020-жылдын мартында пандемиядан улам Бразилияда карылар үйүндө жашагандарды үйгө алып кетүүгө тыюу салынган. Мекеменин кызматкерлери физикалык контактты мүмкүн болушунча кыскартууга аргасыз болушкан. Эми Viva Bem үйүндөгү «Кучакташууга тоскоолдук жок» акциясы адамдардын бири-бирин кучактоосуна мүмкүнчүлүк ачты.

2. Жылдын фоторепортажы. Автор — Антонио Фаччилинго

Сүрөттө: «Хабиби» фоторепортажынан алынган сүрөт. Наэль аль-Баргутинин костюму палестинанын Кобар кыштагындагы үйүндөгү уктоочу бөлмөсүндө илинип турат (2015-жыл, 17-август). Аль-Баргутини 1978-жылы анти-израилдик операциянын жүрүшүндө камакка алышкан. Ал 2011-жылы абактан чыккан. Бирок кайра 2014-жылы өмүр бою эркинен ажыратылган. Анын жубайы Иман Нафи жолдошунун буюмдарын өз ордунда сактап келет. Аль-Баргути Израиль түрмөлөрүндө камалган палестиналыктардын ичинде дээрлик 40 жылдан ашуун өмүрүн абакта өткөргөн.

3. «Жаңылыктар» категориясында 1-орун. Автор — Валерий Мельников

Сүрөттө: Тоолуу Карабахта жашаган Арег өзүнүн күйүп жаткан үйүнүн жанында отурат (2020-жыл, 25-ноябрь). Тынчтык келишимине кол коюлуп, бул аймак Азербайжандын көзөмөлүнө өткөнгө чейин жергиликтүү тургундар өз үйлөрүн өрттөп башташкан.

4. «Чукул жаңылыктар» категориясында 1-орун. Автор — Эвелин Хокстин

Сүрөттө: Эки адам Авраам Линкольндун кулдарды бошотууга жасаган чакырыгына арналган Вашингтондогу эстеликтин алынышы боюнча пакирлерин айтышууда (2020-жыл, 25-июнь).

5. «Чукул жаңылыктар, фоторепортаж» категориясында 1-орун. Автор — Лоренсо Тугноли.

Сүрөттө: «Бейрут портундагы жарылуу» аталышындагы фоторепортаждан алынган сүрөт. Кырсык катталган жерде өрт өчүрүү кызматкерлери иштеп жатышат (2020-жыл, 4-август). Онго чукул өрт кызматкери жарылуу болгон жерде көз жумган.

6. «Жаңылыктар» категориясында 2-орун. Автор — Жошуа Ирванди

Сүрөттө: Индонезиядагы ооруканада алдын-ала жыйынтык боюнча COVID — 19 илдетинен улам көз жумган бейтаптын сөөгү пластик менен капталган (2020-жыл, 18-апрель).

7. «Жаңылыктар» категориясында 3-орун. Автор — Нюша Таваколян

Сүрөттө: Америкалык аскерлердин авиа соккусунан улам Тегерандагы мечитте өлтүрүлгөн генерал Касем Сулейманини акыркы сапарга узатуу зыйнатында аялдар жоктоодо (2020-жыл, 5-январь).

8. «Замандын көйгөйлөрү, фоторепортаж» категориясында 1-орун. Автор — Алексей Васильев

Сүрөттө: Семен жана Степан аттуу эгиздер «Беш уй баккан Бэйбэрикээн карыя» аттуу фильмде саздарда жашаган мифтик каарман — дулганчалардын ролунда (2019-жыл, 9-август). Бул роль — алардын тасма талаасындагы дебюту.

9. «Замандын көйгөйлөрү» категориясында 1-орун. Автор — Пабло Тоско

Сүрөттө: Йеменде жашаган Фатима уулу менен балык кармоого даярданууда (2020-жыл, 12-февраль). Фатиманын тогуз баласы бар. Ал баалык аркылуу күн кечирет. Согуштун кесепетинен ал жашаган кыштак талкаланганына карабай, жаңы жашоо баштоо үчүн кайтып келген. Шиит жамааты менен Сауд Арабия башында турган суннит жамаатынын ортосундагы жаңжал 2014-жылы башталып, ЮНИСЕФ уюмунун пикири боюнча «дүйнөдөгү эң ири гуманитардык кризиске» алып келген.

10. «Чукул жаңылыктар» категориясында 2-орун. Автор — Надя Бужан

Сүрөттө: Ольга Северинец жолдошунун Окрестинадагы (Минск) убактылуу кармоочу жайдан бошотулушун күтүүдө (2020-жыл, 22-июль).

11. «Фоторепортаж» категориясында 3-орун. Автор — Ферештех Эслахи

Сүрөттө: Ирандык профессионал паркурчу Саид Рамин достору менен көлдө (2020-жыл, 9-сентябрь). Ал мындан жети жыл мурун мелдеш учурунда жүлүнүнөн жаракат алган.

12. «Портрет» категориясында 1-орун. Автор — Олег Пономарев

Сүрөттө: Санкт-Петербургда жашаган трансгендердик Игнат аттуу жигит сүйүктүүсү Мария менен (2020-жыл, 23-апрель).

13. «Спорттук фоторепортаж» категориясында 1-орун. Автор — Крис Донован

Сүрөттө: АКШнын Флинт шаарындагы «Флинт Ягуарс» баскетболдук клубунун оюнчусу (2020-жыл, 24-февраль). Шаарда өз ара атаандашкан төрт баскетбол мектебинен бирөө эле калган.

14. «Курчап турган чөйрө» категориясында 1-орун. Автор- Ральф Пейс

Сүрөттө: Калифорния жээгиндеги суудагы деңиз арстаны респиратордук беткапка кароодо (2020-жыл, 19-ноябрь).

15. «Портрет, фоторепортаж» категориясында 1-орун. Автор — Габриэль Галимберти

Сүрөттө: Роберт Болдвин — Лас-Вегастагы үйүндөгү курал-жарактуу бөлмөсүндө (2019-жыл, 16-апрель). Ары жакта сүйүктүүсү өз иши менен алек. Роберттин алгачкы куралы болгон 22-калибрлүү мылтыкты атасы 6 жашка чыкканда белекке берген.

16. «Замандын көйгөйлөрү, фоторепортаж» категориясында 2-орун. Автор — Майя Аллеруццо

Сүрөттө: Езидка Лейла Талу Ирактагы үйүндө портретке түшүүдө (2019-жыл, 9-сентябрь). Ал жүзүн жапкан кийимди «Ислам мамлекети» согушчандар тобунда кул болуп жүргөн күндөн баштап, эки жарым жылдан бери кийип жүргөн.

17. «Замандын көйгөйлөрү» категориясында 3-орун. Автор — Вагинак Казарян

Сүрөттө: Армениялык жоокер окопто эс алууда (2020-жыл, 31-октябрь).

18. «Жаратылыш, фоторепортаж» категориясында 1-орун. Автор — Жаспер Дест

Сүрөттө: Голландиядагы Олли аттуу көгүчкөн конок бөлмөдө учуп жүрөт (2020-жыл, 30-апрель). Жапайы түрдөгү эки жуп көгүчкөн пандемия маалында изоляцияда болгон фотографтын үй-бүлөсү менен достошкон. Үй ээлери аларга Олли жана Долли деп ат коюшкан.

19. «Узак мөөнөттүү долбоор» категориясында 3-орун. Автор — Ангелос Тцорцинис

Сүрөттө: Доре Мотонатембе Грециядагы качкындар лагериндеги чатырынын жанында көнүгүү жасоодо (2019-жыл, 26-март).

20. «Узак мөөнөттүү долбоор» категориясында 2-орун. Автор — Каролина Йондерко

Сүрөттө: Таңгактагы реборн куурчак жаңы «ата-энесине» жөнөй турган кезегин күтүүдө (2015-жыл, 29-апрель). Кутуда аны менен бирге, туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жана кийимдердин топтому дагы бар. Адатта, кутуну ачуу — куурчактардын жаңы ээлери үчүн абдан маанилүү. Реборндор — 90-жылдардын башында чыгарыла баштаган кичинекей наристеге окшогон куурчактар болуп саналат. Ар бир куурчак өзгөчөлүккө ээ.

 

 

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.