Ысык-Көлдө унаа жолдон чыгып, 19 жаштагы кыздар мерт кетти. Айдоочу ооруканада

Бишкек, 19.04.2021 Sokol.media 

Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Ак-Өлөң айылында жеңил унаа жолдон чыгып, 19 жаштагы эки кыз каза болду. Бул тууралуу  облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 15-апрель күнү саат 13:30 чамасында болгон. Анда 1968-жылы туулган жаран Хонда-Одиссей унаасын башкарып бара жатып, рулга ээ боло албай, жолдон чыгып ала салып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен жүргүнчү катары келе жаткан Кара-Талаа айылынын 2002-жылы туулган А.Н. жана К.Г. аттуу кыздар окуя болгон жерден каза болушкан. Ал эми айдоочу жана дагы бир жүргүнчү ооруканага жаткырылган.

Учурда тиешелүү иштер жүрүүдө.

Булак: Супер кж

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.