Ташиев: «Талаш-тартыш жерлерден бир дагы сотых алдырган жокпуз»

Бишкек, 19.04.2021 Sokol.media

Бүгүн, 19-апрелде Кара-Суу районунун Савай айылынын жашоочулары менен чек ара маселеси боюнча жолугушуу учурунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев  талаш-тартыш болгон жерлерден Кыргыз өлкөсү бир дагы сотых жер алдырбаганын айтты.

«Биз он гектар, бир гектар, бир сотых дагы жер берген жокпуз. Талаш-тартыш болуп жаткан жердин бардыгын алдык», — деди Ташиев.

Ошондой эле,  Камчыбек Ташиев Кыргызстан  менен Өзбекстандын ортосунда чечилбеген 2 гана сотых жер  (Чечме булагы) калганын айтты.

Читайте также:

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.